Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Октябрдын ортосуна чейин бензин дагы кымбатташы ыктымал


Кыргызстанда октябрдын ортосуна чейин күйүүчү майдын баасы дагы кымбатташы күтүлүүдө. Бензиндин наркы 1,5 сомго, дизелдики 1 сомго чейин өсүшү ыктымал.

Бул тууралуу шейшембиде Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Муну ал Орусияда эки ири мунай заводу ремонт болуп жаткандыктан, башка фирмалардын күйүүчү майлары тартыш болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май баасын туруктуу кармоо үчүн Кыргызстандын бийлигинен бензинге акциздик салыкты, дизелге кошумча нарк салыгын азайтууну өтүнүүдө.

Учурда бензиндин Аи-92 жана Аи-95 маркалары 57,5 – 62 сомдон сатылууда.

Өлкөдө күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн. 300 миң тоннадан ашуун. Анын токсон пайыздан көбү Орусиядан ташылып, "Газпромнефт-Азия" жана "Роснефт" сыяктуу компаниялар негизги импортер катары бааны аныктап турат.

XS
SM
MD
LG