Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир берилди


Алтынбек Жуматаев жана Садыр Жапаров.
Алтынбек Жуматаев жана Садыр Жапаров.

2020-жылдагы октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына Бишкектен эки бөлмөлүү батир берилди.

5-октябрда президент Садыр Жапаров маркумдун атасы Алтынбек Жуматаевди жана эжеси Инаят Жээналиеваны кабыл алып, үйдүн ачкычын тапшырганы расмий кабарланды.

Президент менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Үмүтбектин жакындарына жаңы батирди көрсөттү.

Ушул күнү октябрь окуяларында жабыркагандардан түзүлгөн "Кыргыз Үмүтү" уюму Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Үмүтбекти эскерип, куран окушту. Активисттер Үмүтбектин сүрөтүн 2010-жылдагы бийлик алмашууда курман болгон кишилердин тизмесинин катарына илип коюшкан.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясий партиялардын мүчөлөрү жана жарандык коом эртеси күнү Бишкекте нааразылыкка чыккан. Милиция менен кагылышууда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан көз жумган.

Бийлик Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берүүнү убада кылган. Дээрлик бир жыл бою убада аткарылган жок. Президенттик аппарат буга мэриянын айрым кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгонун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG