Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ала-Букада ооруканадагы акча чогултуу учурлары териштирилет


Акчанын эсеби жазылган дептер.

Акыйкатчы институту Ала-Букадагы райондук ооруканада бейтаптардан акча чогултуу фактылары болгонун жарыялады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

7-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Акыйкатчы институту аймактарда жүргүзүп жаткан "Укук кербени" долбоорунун алкагында атайын адистер жергиликтүү эл менен жолуккан. Жолугушууга катышкандар райондук ооруканада мыйзамсыз акча чогултуу болуп жатканына даттанышкан.

Ооруканага кайрылган жарандардан дарыга рецепт жазуу, маалымкат берүү жана бейтаптарды кароодон өткөрүү үчүн 20 сомдон 200 сомго чейин акча талап кылары айтылган.

Медициналык мекеменин кызматкерлери мындай акча чогултуу каржылоо жетишээрлик деңгээлде болбой жатканын, чогулган акча кокус зарыл болгон майда оңдоп-түзөө иштерине жана башка чыгымдарга жумшаларын айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Замира Орунбаева "Азаттыкка" бейтаптардан акча чогултуу учурлары боюнча эч кандай маалымат түшпөгөнүн, билдирүүлөр боюнча териштирүү жүрөрүн, мыйзамсыз аракеттер аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG