10-октябрда Бишкекте жөө күлүктөрдүн марафонуна үч миң адам катышты. "Мол Булак – Күз деми" деп аталган марафон борбор калаанын "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен "Манас" аба майданына барчу жолдо өттү. Катышуучулар 5 километрден 42 километрге чейин чуркашты.
Иш-чараны "Тонус" фонду уюштурду. Аталган уюм чуркоо марафонун буга чейин да бир канча жолу өткөргөн. Негизги демөөрчүсү - "Мол Булак" насыя компаниясы.
Ушул күнү Жалал-Абад шаарында "Эковеломарафон" да өттү. Жүздөн ашуун адам катышкан иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэриясы, “Youth of Osh”, “Дестинация - Жалал-Абад” коомдук бирикмелери уюштурду.
Негизги максаты - абанын булганышы кѳйгѳйүнѳ коомчулуктун кѳңүлүн буруу, экологиялык транспорт жана дени сак жашоо образын жайылтуу.
Уюштуруучулар велосипедди башка унаа каражаттарына альтернатива катары колдонуу шаардагы абанын булганышын азайтууга мүмкүнчүлүк түзѳөрүн белгилешүүдө. (SE\TB)