Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:57

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттерде чектөө алынды


Кыргыз-кытай чек арасы.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерине киргизилген чектөөлөр толук алынды. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди:

“Эки күндөн кийин “Торугарттан” 32 эмес, 64, “Эркеч-Тамдан” 22 эмес, 44 машина кире баштайт. Кытайдын талаптарынын баарын толук аткарып бүттүк. “Торугарт” бүгүнтөн баштап тоскоолдуксуз иштей баштады. “Эркеч-Там” эки-үч күндө баштайт”.

Кытайдан товар оор жүк ташуучу машиналар менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. Мындан улам алар нааразылыгын билдирип, өкмөттөн маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG