Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

ЖККУ Тажикстанда аскердик машыгуу өткөрөт


ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу, 9-сентябрь 2021-жыл.
ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу, 9-сентябрь 2021-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму 22-23-октябрда Тажикстандын Ооганстан менен чек арасына жакын аймагында биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 13-октябрда журналисттерге билдирди.

Ал уюмдун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн бул машыгуусу "абдан маанилүү" экенин, мындан аскердик иш-чара Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чөлкөмдө тынчсыздануу күчөп жаткан шартта өтүп жатканын кошумчалады.

"Жакында ЖККУнун президенттери Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө камтамачылыгын билдиришкен. Алар кырдаалды алдын ала жоромолдош кыйын экенин баса белгилешип, ЖККУ сак турушу керектигин айтышкан", - деди Песков.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Ооганстан менен чектешкен Тажикстандан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Беларус мүчө. Өткөн айда уюмдун үч күндүк машыгуусу Кыргызстанда өткөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG