Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Сот Курсан Асановду №50 тергөө абагында калтырды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 14-октябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Ушул эле күнү шаардык соттун имаратынын алдына Асановдун 50гө чукул тарапкери топтолуп аны бошотууну талап кылып турушту.

16-сентябрда Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы өзгөчө оор кылмыш жасагандар отурган №50 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар соттун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Алар Асановду үй камагына чыгаруу же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу өтүнүчүн келтиришкен болчу.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов октябрь окуялары боюнча биринчи жолу 2020-жылы 10-октябрда кармалып, 4-ноябрда үй камагына бошотулган.

2021-жылы 11-январда өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп чыккан.

2021-жылы 26-январда октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин имаратын басып алган деп кайра камалган. 12-апрелде үй камагына бошотулган.

Асанов 14-сентябрда кайра камалды. Бул жолу Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

№50 абакта өзгөчө оор кылмыш жасагандар, өмүр бою эркинен ажырагандар отурат. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, бул Кыргызстандагы жалгыз гана "түрмө" макамына ээ мекеме. Күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат, камера режиминде кармалат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG