Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Жалал-Абад: Үч эм төрөгөн жалгыз бой келин батирлүү болду


Гүлнара Бүркүтова үй-бүлөсү жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков менен.
Гүлнара Бүркүтова үй-бүлөсү жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков менен.

Жалал-Абадда быйыл март айында төрөлгөн үч эмдин апасына шаардын эсебинен батир бөлүнүп берилди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үч эмин жана алардан улуу уулу менен кызын, жалпысынан беш баласын жалгыз чоңойтуп жаткан Гүлнара Бүркүтованын үй маселеси жергиликтүү кеңеште каралып, шаардык бюджеттен 1 млн 824 миң сом бөлүнгөн.

Тендер өткөрүлүп, натыйжада “Спутник” кичи шаарчасынан эки бөлмөлүү, бардык шарты бар батир алынган.

Күйөөсү менен эки башка жолго түшкөн 38 жаштагы Гүлнара Бүркүтова буга чейин бир бөлмөлүү жер тамда ижарада жашап келген.

«Жаш балдар менен көчүп жашаган кыйын экен. Үч эмге тийген жөлөкпулду батир үчүн төлөсөк, калганын өзүбүз тамак-ашка колдончубуз. Азыр эми өз үйүң болсо, башкача сезим болот экен”, - дейт Бүркүтова.

Үч эм – Аделина, Адилет жана Аделя быйыл 31-мартта төрөлгөн. Гүлнара Бүркүтовага шаар башчысы Эрнисбек Ормоков жолугуп, батир алып берүүгө аракет жасарын айткан. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG