Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Навальный Сахаров сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмесине кирди


Бул сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген.
Бул сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Европарламенттин Андрей Cахаров атындагы сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмесине кирди. Финалисттердин арасында өз укуктары үчүн күрөшкөн оогандык 11 аялдан турган топ жана Боливиянын президентинин мурдагы милдетин аткаруучусу, камакта отурган Жанин Аньес бар.

"Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн ыйгарылган сыйлыктын быйылкы ээси 21-октябрда жарыяланмакчы.

Навальныйдын талапкерлиги Европарламенттин ири фракциясы – Европанын элдик партиясы жана либералдардын фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн. Депутаттар оппозиционердин "эркиндик, демократия жана адам укуктары үчүн күрөштөгү эрдигин", коррупция, репрессияларга каршы бекем турганын белгилеп, саясатчыны президент Владимир Путиндин "негизги саясий оппоненти" деп аташкан.

Адам укуктары чөйрөсүндөгү жылдык сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген. Былтыр сыйлыкка беларус оппозициясы жана орус түрмөсүндө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов татыган.

Алексей Навальный январдын этегинде Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган.

Кармалгандан көп узабай Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3 жарым жылга колонияга жөнөткөн.

Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шартуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес. Жана кылмыш ишин саясий буюртма деп баалашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG