Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Кыргызстандагы мугалимдердин 85% аялдар


Изилдөөдө өлкөдө кесипкөй мугалимдердин жетишсиздиги да айтылды.
Изилдөөдө өлкөдө кесипкөй мугалимдердин жетишсиздиги да айтылды.

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жалпы 82 миң мугалим иштейт, алардын 85% аялдар. Бул тууралуу KG Analytics интеллектуалдык фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылды.

Мектептерде иштеп жаткан аял мугалимдердин дээрлик жарымы пенсия курагындагы, жашы элүүдөн өтүп калгандар.

"Жыл сайын өлкөдө эки миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери тартыш. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10% ашпайт", - деп көрсөтүлгөн изилдөөдө.

Изилдөөдө өлкөдө кесипкөй мугалимдердин жетишсиздиги да айтылды. Буга айлык-маянанын аз болуусу бирден бир себеп катары көрсөтүлгөн.

2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык 14 764 сомду түзгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG