Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Каржы пирамидаларынан жыл башынан бери 3 миңдей киши жабыр тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында 66 миң 274 кылмыш, 57 миң 889 жорук катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Азамат Дүйшөналиев Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.

Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу кылмыштар көбөйгөн (былтыр тогуз айда 52 миң 434), жоруктар азайган (былтыр тогуз айда 60 миң 162).

Дүйшөналиевдин билдиришинче, учурда тергөө органдары каржы пирамидасына байланыштуу 2 миңден ашуун кылмыш ишин иликтеп жатат. 2 миң 947 адам жабырлануучу катары өтүүдө. Даттануучулар көбүнчө Бишкекте, Ошто, Ысык-Көлдө, Нарында, Баткенде жана Таласта катталууда.

ИИМ иликтеп жаткан бир эле “Антарес Трейд” иши боюнча 55 адам 1 млн. доллар чыгым тартканы аныкталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG