Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Жалал-Абадда бейтаптарга акысыз берилген дарылар сатылып жатканы белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы ооруканада мамлекет бейтаптарга акысыз берген дары-дармектер сатылып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков "Укук кербени" долбоорунун алкагында ооруканага мониторинг жүргүзгөн учурда аныкталганын билдирди. Анын айтымында, сатылган дары-дармектерден сырткары калкты дарылоодо мөөнөтү өтүп кеткен дарылар да колдонулган.

"Гексикон" дарысынын жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын январь айына чейин, "Цефтриаксон" дарысы ушул жылдын июль айына чейин, "Сальбутамол" дарысы 2021-жылдын октябрь айына чейин, "Зонд" дарысынын жарамдуу мөөнөтү ушул жылдын август айына чейин деп көрсөтүлгөн.

"Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында дары-дармектердин жана керектелүүчү материалдардын тизмесин текшергенде, так ушул мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бейтаптарды дарылоодо колдонулганы аныкталган. Бул боюнча актылар түзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөттүк", - деди Азарбеков.

Буга чейин Акыйкатчы институтунун аппараты Сузак райондук ооруканасына мониторинг жүргүзгөн. Анда бейтапканада төрт кишилик палаталарда алты адам жатканын бейтаптар үчүн шарт түзүлбөгөнүн айткан болчу. (ТВ)

XS
SM
MD
LG