Шайлоо: Кыргызстан өткөндөн сабак алдыбы?
Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңешке депутат болууну каалагандардан арызды кабыл алуу токтоду. Былтыр шайлоодогу чырдан соң бийлик алмашкан Кыргызстанда бул жолу саясий өнөктүккө даярдык кандай? Бийлик, коомчулук жана саясий күчтөр өткөндөн сабак алдыбы? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкуубузга Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов, депутаттыкка талапкер болууну каалаган саясатчылар Алмамбет Шыкмаматов, Дамира Ниязалиева жана социалог Самар Сыргабаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды