Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:50

Жапаров: Ташиев менен мамилебиз бузулбайт деп 99% кепилдик берем


Садыр Жапаров жылдык маалымат жыйынында.
Садыр Жапаров жылдык маалымат жыйынында.

Президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен достук мамилеси тууралуу журналисттин суроосуна жооп берди.

“Экөөбүздүн мамилебиз жакшынакай, эч кандай бузулбайт. 16 жылдан бери жакын таанышпыз, 2005-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Саясаттын суугуна тоңуп, ысыгына күйдүк. Баспаган чокту дагы бастык, сууну дагы кечтик. Ошондуктан мамилебиз мындан ары дагы бузулбайт. Биринчи кепилдикти кудай берет, мен 99% кепилдик берем”.

Президент Жапаров Ташиев менен мамилесин бузууга кызыкдар саясатчылар бар экенин, Ташиевди парламенттик шайлоого барып, Жогорку Кеңештин төрагасы болууга үндөгөндөр болгонун билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле, Камчыбек Ташиев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында анын уруксаты менен жашап жатканын бышыктады.

"Кимдер жашайт, кимдер жашабай турганын президенттин иш башкармаыгы менен мен чечем, мен уруксат бергем. Анткени Ташиевдин коопсуздугу керек. Акыркы убактарда кандай иштеп жатканын көрүп жатасыздар, эл-журт баа берип жатат. "Сен мамлекет үчүн кан-жаныңды аябай иште, ал эми коопсуздугуң көчөдө кала берсин" деп мамиле кылсак, анда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эртең эч ким иштебей коёт", - деди президент.

"Адилет" укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашоого укуктуулар, азыр жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү бейрасмий иш-чаралар, тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн. Мамлекеттик резиденциядан кайрылууга 92 барактан турган кат келген. Анда резиденцияда жашагандардын аты-жөнү тууралуу так маалымат жок. Президенттин иш башкармалыгы муну кызматтык керектөө үчүн пайдаланыла турган гана маалымат экенин кабарлап, ачыкка чыгарган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG