Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Садыр Жапаров: Жээнбековдун экс-президент статусу алынбайт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттерди куугунтукка алуу салтын токтотуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан басма сөз жыйынында мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусу тууралуу берилген суроого жооп берип жатып билдирди.

“Экс-президент боюнча калат (Сооронбай Жээнбеков. ред) Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктап, кубалаган салтты токтотолучу. Ошол үчүн экс-президент дегенди бергем. Чоң кылмыштары деле жок, бирок саясий жоопкерчилиги чоң”.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алтынчы президент иштеп жатат. Мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005-2020-жылдардагы элдик толкундоолордон кийин бийликтен кулатылып, экс-президент статусунан ажыратылган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылы башкарган Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусу 2019-жылы козголгон кылмыш ишинин негизинде алынган.

Учурда Кыргызстанды 2010-2011-жылы башкарган Роза Отунбаеванын жана 2017-2020-жылдары президент болгон Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG