Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 96 учур жаңы катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирустан үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2653 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 96 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 52;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу - 5;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу - 4.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 563 адамга жетти.

Бир күндө 54 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканаларда 689 бейтап жатат, дагы 653 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. Дарыгерлер каза болгондордун баары коронавируска каршы вакцина албаганын белгилеп жатышат. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада 7 миңге чукул адам эмделди. Алардын төрт миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алды. Кыргызстан боюнча 1 млн. 660 миңге жакын адам вируска вакцина алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG