Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Теги орусиялык миллиардер Валентин Гапонцев дүйнөдөн кайтты


Валентин Гапонцев
Валентин Гапонцев

АКШда орусиялык окумуштуу-физик жана бизнесмен Валентин Гапонцев 83 жаш курагында каза болду. Forbes журналы анын байлыгын 2,8 миллиард доллар деп баалаган. Гапонцев өндүрүштүк лазерлерди чыгаруу жана сатуу менен алектенген. 2018-жылы ал өзүн орус президенти Владмимир Путиндин жакын санаалаш олигархтар тизмесинен чыгарууну талап кылып, АКШнын Финансы министрлигин сотко берген.

Окумуштуу Москвада туулуп, Львов политехникалык институтун, Москва физика-техникалык институтунун аспирантурасын бүтүргөн. 1967-жылдан тартып союздук Илимдер академиясынын радиотехника жана электроника институтунда иштеген. СССР кулагандан кийин ишкерлик менен алектенген. Ал өнөр жай лазерлерин, алардын элементтерин, оптикалык булаларды чыгарган жана саткан. Аны негиздеген IPG Photonics - дүйнөдөгү өнөр жай лазерлеринин эң ири өндүрүүчүлөрүнүн бири, анын базардагы капитализациясы 8,9 миллиард долларды түзөт.

Американын жараны болгон Гапонцев 2018-жылы АКШнын Финансы министрлигинин докладына Путиндин жакын адамы катары кирип, ал негиздеген компаниянын ишине терс таасир эткен. Окумуштуу сотто утуп, ысымы тизмеден чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG