Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат


Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат.
Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат.

Бүгүн, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Атаандаштык жок өтүп жаткан шайлоодо 64 жаштагы азыркы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө. Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы төрт талапкер шайлоого катышууда. Бул жолу оппозициялык үч партияны каттоого жана талапкерлердин ат салышуусуна уруксат берилген жок.

35 млн. калкы бар Өзбекстанда 1991-жылы эгемендик алгандан берки алтынчы президенттик шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча, өлкөдө 10 миң 760 шайлоо участкалары ачылды. Добуш бере турган жалпы 21,25 млн. жакын шайлоочу бар. Добуш берүү кечки саат 8ге чейин болот. Ал эми чет өлкөдө 100дөй шайлоо тилкеси иштеп жатат. Анын ичинде Орусиянын алты жеринде, Москвадагы элчиликте өзбек жарандары добуш бере алышат. Кыргызстанда дагы алты добушкана ачылды. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Бишкекте.

Өзбекстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, катталган саясий партиялар гана парламенттик же президенттик шайлоого талапкер көрсөтө алышат. Оппозизиялык үч партия, "Эрк" демократиялык партиясы, "Чындык жана өнүгүү партиясы" жана "Эл кызыкчылыгы" партиялары талапкер чыгаруу нитетин билдиришкен болчу. Бирок президенттик шайлоодо атаандаштык принциби бузулуп, көз карандысыз талапкерлерди жарыштан четтеткен учурлар белгиленди. Мындай укук бузуулар тууралуу "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу бюросу өзбек бийлигине эскертүү берген.

Шавкат Мирзиёев 2003-жылдан 2016-жылга чейин премьер-министр болгон. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун учурунда 13 жыл өкмөттү жетектеген жана ал каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2016-жылы президент болуп шайланган.

Президенттик шайлоого 970 чет элдик байкоочу көз салат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу өлкөгө 28 узак мөөнөттүү жана 250 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөттү.

XS
SM
MD
LG