Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Сот "Ак Асаба" партиясынын БШКнын чечимине каршы арызын канаттандырган жок


Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.
Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-октябрда "Ак Асаба" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын карап, канаттандырган жок. Бул тууралуу партиянын лидери Табылды Акеров "Азаттыкка" билдирди.

"Сотто имаратка кирип барган саатты карап эле ушундай чечим чыгарды. Биз эки партия болчубуз. "Ак Асаба" 17:36да документти алып келдик, Токтайым Үмөталиеванын "Жашасын Кыргызстан" 17:42де кирген. Биз ал жерде беш саат күткөндөн кийин Шайназаров (БШК мүчөсү Тынчыкбек Шайназаров - ред.) келип документтерибизди көрүп, эскертүү менен кабыл алгыла деп айтып кетиптир. Токтайым эженикин кабыл алып, биздикин кабыл албайбыз деп кетип калышты. Арызда дагы ошентип жазылган. Бул жерде эки партияга бирдей эмес, ар түрдүү мамиле кылынып жатат. Бул жерде кош стандарт болуп жатат. Сотто буга маани дагы берилбептир", - деди Акеров.

Буга чейин Акеров 18-октябрь күнү 17.36да БШКга документти алып барышканын, партиянын БШКдагы расмий өкүлү мөөрдү унутуп коюп, кайра алып келгенин билдирген. Эми партия адвокаттар менен кеңешип Жогорку Сотко кайрылууну пландап жатат.

БШКнын мүчөсү Шайназаров менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Боршайкомдун дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов документтери толук болгон бардык партиялар катталганын "Азаттыкка" билдирди.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын ичинен 21 саясий уюм курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Эми Боршайком 29-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат.

Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

БШК бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 100дөн ашыгын ушул күнгө карата расмий талапкер катары каттады.

Шайлоо күнү жарандарга эки бюллетень берилет. Бирөөндө, партиянын жана талапкерлердин катар саны жазылат. Экинчисинде, бир мандаттуу аймактан чыккан талапкерлердин аты-жөнү болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG