Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Суусамырдагы жол кырсыгынан эки киши каза болуп, ону жараат алды


Суусамырдагы жол кырсыгы. ӨКМ тараткан сүрөт.
Суусамырдагы жол кырсыгы. ӨКМ тараткан сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) 24-октябрга караган түнү катталган жол кырсыгында эки киши каза болду. 10 адам жараат алды, арасында жаш бала бар. Кырсыкта жабыр тарткандар "Тез жардам" менен Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилгенин 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, жолдо Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагылышкан. Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15% өскөн. Былтыркы тогуз айда бул себептен 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жаракат алгандар 31% көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG