Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Орусияда эмдөөнүн жасалма сертификатын даярдагандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дарыгер менен төрт медайым коронавируска каршы вакцинанын жасалма сертификатын берүүгө шектелип кармалды. Тергөө комитетинин 23-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, бешөө Павлов атындагы мамлекеттик медициналык университеттин медициналык клиникасында иштешет. Алар пайдаланылбай калган вакциналарды жок кылып жатып, адамдарга эмдөө тууралуу кагаз жана онлайн күбөлүк берген деп айыпталууда.

Расмий маалыматка караганда, медицина кызматкерлери 100 миң рублдан ашык акча алган (1425 доллар) деп болжолдонгон 12 иш иликтенип жатат. Эгер күнөөсү далилденсе, медиктер 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусияда соңку суткада 35 660 киши коронавирус илдетине кабылганы аныкталды. Оору жугузуп алган 1072 киши каза болду.

Өткөн аптадагы маалыматка караганда, 146 миллион калктын 29% гана толук эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG