Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бишкекте 10дон ашык киши тамактан ууланып ооруканага кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте 23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланган 12 киши кайрылды. Алардын үчөө жаш балдар. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин белгилешинче, ооруканага кайрылгандар "Империя пицца" кафесинен суши-роллы алып жешкен. Учурда үч аял ооруканада дарыланып жатат, абалдары канааттандырарлык. Калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин дарыланууну үйлөрүнөн улантууда. Толук маалымат эпидемиологиялык изилдөөдөн кийин белгилүү болору министрлик тараткан маалыматта айтылат.

Коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG