Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Өзбекстандагы шайлоо: Кыргызстанда 4 миңге жакын киши добуш берди


Өзбекстандагы шайлоо, 24-октябрь. 2021
Өзбекстандагы шайлоо, 24-октябрь. 2021

Өзбекстандын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылды. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинде. Элчиликтен "Азаттыкка" билдиришкендей, Ош менен Жалал-Абадда алдын ала 3,5 миң киши добуш берди. Бул аймакта добушканалар шайлоо башталганга он күн калганда ачылып, соңку үч күндө добуш берүү жүрдү. Ушул тапта Бишкектеги өзбек жарандары шайлоого катышууда. Ушул убакка чейин 200 киши добуш берди.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын 4 миң жараны консулдуктун каттоосунда турат.

Бүгүн, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Атаандаштык жок өтүп жаткан шайлоодо 64 жаштагы азыркы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө. Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы төрт талапкер шайлоого катышууда. Бул жолу оппозициялык үч партияны каттоого жана талапкерлердин ат салышуусуна уруксат берилген жок.

35 млн. калкы бар Өзбекстанда 1991-жылы эгемендик алгандан берки алтынчы президенттик шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча, өлкөдө 10 миң 760 шайлоо участкалары ачылды. Добуш бере турган жалпы 21,25 млн. жакын шайлоочу бар. Добуш берүү кечки саат 8ге чейин уланат. Ал эми чет өлкөдө 100дөй шайлоо тилкеси иштеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG