Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Орус түрмөсүндөгү кыйноону ашкерелеген Савельевге издөө жарыяланды


Сергей Савельев.
Сергей Савельев.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен Ички иштер министрлиги Gulagu.net долбооруна түрмөдөгү кыйноолор боюнча маалымат берген Сергей Савельевге издөө жарыялады. Аны камоо, Орусияга экстрадиция кылуу боюнча документтер даярдалууда.

Gulagu.net долбоорунун жетекчилигинин Ички иштер министрлигине расмий кайрылуусу жана бул мекеменин кызматкеринин расмий жообу Сергей Савельевди Орусияга экстрадициялоо үчүн документтердин даярдалып жатканы тууралуу маалыматты тастыктайт.

"Азаттык" радиосунун орус кызматына Gulagu.net долбоорунун уюштуруучусу Владимир Осечкин кат жолдогон.

"Кыйноо фактыларын ашкерелеген адамга "рахмат" деп ыраазачылык билдиргендин ордуна, аны кайтарып, камоо аракети болуп жатат. Бул 100% саясий чечим жана бул тууралуу санкцияны Владимир Путин берген (орус президенти - ред.). Кийинки кадам Интерпол. Биз дагы документтерибизди Интерполго тапшырабыз," - деп жазылган анда.

18 -октябрда Сергей Савельев Франциядан саясий башпаанек сураган. Видеолор жарыялангандан кийин Орусиянын Тергөө комитети жети кылмыш ишин козгогон. Федералдык Жаза аткаруу кызматы Савельев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Саратов облусундагы мекемелерди расмий текшерүүнү баштады. Башкармалыктын бир нече кызматкери иштен бошотулган.

Укук коргоочулардын айтымында, Савельев 2013-жылы Краснодарда маңзат ташууга шектелип кармалган. Ал Краснодар СИЗОсунда эки ай кармалып, кылмышты моюнуна алууну талап кылып сабашканын айткан. Кийин түрмө ооруканасында кызмат өтөп жаткан, ал жерде программист болуп иштеген. Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын архивин алгандан кийин эркиндикке чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG