Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Өзбекстандын БШКсы президенттик шайлоо өттү деп жарыялады


Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берди.
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берди.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-октябрдагы президенттик шайлоону өттү деп жарыялады. Расмий маалыматтар боюнча, саат 13:00гө карата шайлоочулардын 33% ашыгы добуш берди. Республикада жалпысынан 19 млн. 859 миңден ашуун шайлоочу катталган. Шайлоого 971 эл аралык байкоочу көз салууда, анын ичинен 631и эл аралык уюмдардан, 340ы чет өлкөлөрдөн. Мындан тышкары партиялардан 54 миңге жакын жана жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынан 11 миңдей байкоочу катталган.

БШКнын төрагасы Зайниддин Низамхожаев өлкөдө шайлоо мыйзам чегинде жана демократиялык принциптерге ылайык өтүп жатканын айтып, мыйзам бузуулар катталган жок деп билдирди.

Көптөгөн саясий серепчилер, журналисттер жана укук коргоочулар Өзбекстандагы шайлоо атаандаштыкта өттү деп айтууга болбойт деп эсептешет. Бул жолу оппозициянын өкүлдөрүнө саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Азыркы президент Шавкат Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы төрт талапкер шайлоого катышууда. Алар - “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов, Элдик демократиялык партиядан Максуда Варисова, Экологиялык партиядан Назрулло Обломурадов, Улуттук кайра жаралуу партиясынан Алишер Кодиров.

Көз карандысыз басылмалар бюджеттик мекемелерде гана эмес, мечиттерде, жума намазы учурунда да шайлоого барууга үгүт жүргөнүн жазышты. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери айрым шайлоо тилкелеринде бир адам бир нече паспорт менен добуш берүүгө аракет кылганын билдиришти.

Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги №59 шайлоо участогунда добуш берди. Аны менен чогуу добушканага үй-бүлөсүнүн тогуз мүчөсү барды.

35 миллион калкы бар Өзбекстанда 1991-жылы эгемендик алгандан берки алтынчы президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 10 миң 760 шайлоо участкалары ачылды. Добуш берүү кечки саат 8де аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG