Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Чүйдө үлпөт тойдо асманга ок атылган окуя боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы үлпөт тойдо белгисиз куралдан ок атылган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, факт Жоруктар жөнүндө кодекстин "Калк жашаган аймакта мылтыктан ок чыгаруу" беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Үлпөт тойдо жигит асманга ок чыгарган видео социалдык тармактарга чыккан.

"Ок аткан адамдын тек жайы аныкталып, ал 22 жаштагы М.И. аттуу жигит экени белгилүү болду. Ал мылтык атасына таандык экенин айтты. Агасынын үлпөт тоюнда эки жолу асманга ок чыгарган. Достору видеого тартып алып өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштырган. Азыр бардык жагдайлар иликтенүүдө", - деп белгиленет маалыматта.

Тойдо ок атылган учур буга чейин дагы катталган. 25-сентябрда Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Кайрат айылында үлпөт тойдо белгисиз куралдан ок атылган. Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, тойдо автоматтан ок чыгарган бала Ош шаарынан куралы менен кармалып, райондук милицияга өткөрүлүп берилген. Текшерүү учурунда курал уулун үйлөнтүп жаткан кишиге таандык экени аныкталган. Ал аны Орусиядан атайын тойго алып келгенин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG