Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Пакистанда эмдөө учурунда дарыгерлерди коштогон полиция кызматкерин атып кетишти


Балдардын шал оорусуна (полиомиелитке) каршы эмдөө. Пакистан, 20-сентябрь 2021-жыл
Балдардын шал оорусуна (полиомиелитке) каршы эмдөө. Пакистан, 20-сентябрь 2021-жыл

Пакистандагы талибдер балдардын шал оорусуна (полиомиелитке) каршы эмдөө өнөктүгүнө катышкан полиция кызматкерин атып кетишти. Медициналык кызматкерлерди коштоого тартылган тартип коргоочуга жекшембиде түндүк-батыштагы Дера шаарында эки киши ок чыгарган. Полиция кызматкери нөөмөттөн кийин үйүнө бараткан. Кылмыш үчүн жоопкерчиликти "Техрик-и-Талибан" уюму өзүнө алды.

Дал ошол 24-октябрда илдетке каршы эл аралык күн белгиленген. Пакистан Ооганстан менен катар полиомиелит өтө көп жайылган өлкө бойдон калууда. Пандемиядан улам бул жугуштуу, айрым учурларда өлүмгө алып келген оорудан коргогон эмдөө дээрлик токтоп калган.

Пакистандагы согушкерлер эмдөөгө катышкан адамдарды, анын ичинде полиция кызматкерлерин бутага көп алышат. Экстремисттер вакцинация жергиликтүү балдарды тукумсуз кылууну көздөгөн Батыштын планы деп айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG