Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

HRW: "Ислам мамлекети" террордук уюмунун аракети адамзатка каршы кылмышка тете


Хазарлардын көрүстөнү
Хазарлардын көрүстөнү

Human Rights Watch эл аралык уюму “Ислам мамлекети” террордук уюму Ооганстандагы шийи азчылыгына каршы жасаган чабуулдарын адамзатка каршы кылмыш деп сыпаттаса болорун билдирди. “Ислам мамлекети-Хорасан” уюму ооган жергесиндеги акыркы кандуу кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Ай башында Кундуз жана Кандагар шаарларындагы мечиттерде хазар азчылыгын бутага алган жардырууларда 150дөн көп киши жан берген. Террордук топко кирген жан кечти 29-августта Кабул аэропортунда бомба жардырганда 170 киши, көбү карапайым оогандар каза тапкан.

Human Rights Watch уюмунун Азия боюнча директору Патриция Госсмандын айтымында, “Ислам мамлекети-Хорасан” куралдуу тобунун көптөгөн кол салуулары хазар азчылыгынын өкүлдөрүн бутага алган жана алардын азап чегүүлөрүнө алып келген. Мындай аракеттерди адамзатка каршы кылмыш катары мүнөздөсө болот жана артында турган адамдарды жоопко тартыш керек.

Хазарлар Ооганстандагы үчүнчү этникалык топ. Алар көптөн бери сунилер үстөмдүк кылган өлкөдө дискриминацияга туш болуп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG