Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Өзбекстан: Мирзиёев добуштардын 80% алды


Президент Шавкат Мирзиёев Ташкентте добуш берип жатат, 24-октябрь 2021-жыл.
Президент Шавкат Мирзиёев Ташкентте добуш берип жатат, 24-октябрь 2021-жыл.

Өзбекстандагы 24-октябрдагы президенттик шайлоону күтүлгөндөй эле Шавкат Мирзиёев жеңип чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, ал жалпы добуштардын 80,1 пайызына ээ болду. Эл аралык байкоочулар бул шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун билдиришти.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгын 25-октябрда түштөн кийин жарыялады. Ага ылайык, өлкөнү мурдагы президент Ислам Каримов көз жумгандан бери башкарып келе жаткан Шавкат Мирзиёев күтүлгөндөй эле шайлоону чоң айырма менен жеңип чыкты.

"Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан талапкер Шавкат Миромонович Мирзиёев 80,1% добуш менен жеңишке жетип, Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп шайланганын кубануу менен билдиребиз", - деп жарыялады Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев.

Расмий маалыматка ылайык, Элдик демократиялык партиядан Максуда Варисова добуштардын 6,6 пайызын, Улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Алишер Кодиров 5,5 пайызын, Экологиялык партиядан Назрулло Обломурадов 4,1%, “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4 пайызын алды.

Жекшембидеги шайлоого 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8 пайызы катышты. Беш жыл мурда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов көз жумгандан кийин өткөн биринчи шайлоодо шайлоочулардын 87 пайыздан добуш берип, анда Шавкат Мирзиёев 88,6 пайыз добуш топтогон эле.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо ачык-айкын өткөнүн билдиргени менен бул шайлоодо Мирзиёевге атаандаш болуп элге аты дээрлик белгисиз, бийликчил көз караштагы талапкерлер чыкты.

Мындан улам Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун уюмунун байкоочулары шайлоодо "чыныгы атаандаштык болбогонун" билдирди.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын Ташкенттеги басма сөз жыйыны, 24-октябрь 2021-жыл.
ЕККУнун байкоочулар миссиясынын Ташкенттеги басма сөз жыйыны, 24-октябрь 2021-жыл.

"Шайлоодо бир нече талапкер ат салышса да, алар бири-бири менен же шайлоочулар менен маңыздуу бир байланыш түзгөн жок. Талапкерлер кызматтагы президентти сындоодон же ага каршы чыгуудан карманып жатышты. Жалпысынан кызматтагы президенттин шайлоо өнөктүгү менен анын расмий ишмердигинин ортосундагы айырмачылыктын жоктугу мамлекет менен партиянын ортосундагы чекти азайтып койду", - деп билдирди 25-октябрда ЕККУнун кыска мөөнөттүк байкоочулар миссиясынын лидери Райнхолд Лопатка.

Мыйзамга ылайык, Өзбекстанда каттоодон өткөн саясий партиялар гана талапкерлерин көрсөтө алышат. Каттоосу болбогондуктан оппозициядагы "Эрк", "Акыйкат жана өнүгүү", "Элдик кызыкчылык" партиялары шайлоого катыша албай калды.

Шайлоого чейин каттоодон өтпөгөн “Элдин кызыкчылыгы” партиясынын лидери Махмуджон Юлдашев Мирзиёевге каршы чыгуу ниети үчүн коркутууга кабылганын билдирген. "Эрк" демократиялык партиясынан талапкер болгусу келген ырчы Жахонгир Атажановдун партиялаштарынын жыйынын жаалданган топ үзгүлтүккө учураткан. Ал акыры саясаттан кеткенин жарыялаган.

Бозгундагы оппозиционер, "Эрк" партиясынын лидери Мухаммед Салих бул шайлоону "жасалма" деп атады.

Бозгундагы оппозиционер Мухаммед Салих.
Бозгундагы оппозиционер Мухаммед Салих.

"Жасалма шайлоо - бул Өзбекстандагы саясий системанын генетикалык коду. Өзбекстанда бардык шайлоолор ушул код менен өтөт. Бул Ислам Каримовдун генетикасы. Бул генетика Шавкат Мирзиёев өткөрүп жаткан шайлоодо да өзүн көрсөтүп жатат", - деп билдирди "Эрк" партиясынын бозгундагы лидери Мухаммед Салих.

Кантсе да Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары да жекшембидеги шайлоого оң баа беришти.

64 жаштагы Мирзиёев бийликке келгенден кийин 35 миллиондой калкы бар Өзбекстандын коңшулар менен алакасын оңдоду. Ал чейрек кылым диктатордук режим орногон өлкөнүн эшигин чет элдик инвестицияга ачып, ондогон саясий туткунду абактан чыгарды. Бирок укук коргоочулар жана өзбек оппозициясы Мирзиёев жарандык эркиндик жана демократия багытында олуттуу өзгөрүүлөрдү жасай албаганын белгилеп келишет.

Мирзиёев беш жылда чексиз бийликти колунан чыгарбай, президенттин таасирин колдонгон жакындары эбегейсиз байлык топтогонун айгинелеген коррупциялык схемалардын бети ачылды. Бир катар көз карандысыз маалымат каражаттары мамлекеттик бюджеттин акчасы тендерлер аркылуу жең ичинен таасирдүү үй-бүлөнүн жакындарынын чөнтөгүнө кеткенин жазышты. Мирзиёевдин жакындары байлыкка туйтунса, өзү бизнесмендер менен олигархтардын курчоосунда калганы тууралуу фактылар жарыкка чыккан.

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы дагы өзбек лидеринин бир катар экономикалык жетишкендиктерине кедергисин тийгизип, өлкөдө жумушсуздук өсүп, жашоо кымбаттады.

"Алдыңкы беш жылда жашоо стандарттарынын жакшырышын каалайм. Айлык жогорулап, жакырчылык жоюлуп, жумушсуздук азайса экен. Ошондо биз бактылуу болмокпуз", - деп айтты "Франс-пресс" агенттигине Ташкенттин тургуну, 71 жаштагы Кутбинса Холмурадова.

Коңшу өлкөдө 10 миң 760 шайлоо тилкеси ачылды. Ага кошумча 37 өлкөдө 100дөй добушкана уюштурулду. Орусиянын алты жеринде, Москвадагы элчиликте өзбек жарандары добуш берди. Кыргызстанда дагы алты добушкана ачылды. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Бишкекте.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG