Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Орусиядагы шайлоочулардын тизмесин каттоо 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы кыргызстандыктарды 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн каттоо 12-ноябрда аяктайт. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, кыргыз жарандары бул күнгө чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу абзел.

Ал эми биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар консулдук каттоого аралыктан, онлайн катталса болот.

Орусияда Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казан, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмен, Томск, Иркутск, Хабаровск, Владивосток шаарларында, Якутияда жана Түштүк Сахалинде шайлоо участоктору иштейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, шайлоочулардын баштапкы тизмесине 3 миллион 686 миң адам кирди, алардын 48% эркектер, 52% аял шайлоочулар. Мунун ичинен 69 789 шайлоочу чет өлкөдө катталган.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга карата катталган шайлоочулардын санынан дээрлик 81 миң кишиге көп.

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден 19-сентябрдан тартып 12-ноябрга чейин тактай алышат, акыркы такталган тизме 18-ноябрда жарыяланат.

28-ноябрга белгиленген шайлоодо парламентке саясий партиялар аркылуу 54 депутат, ал эми бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG