Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Грузиянын өкмөт башчысы Саакашвилинин "өз жанын кыюуга укугу бар" экенин билдирди


Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили камакта бир айдан ашуун ачкачылык кармап жаткан Михаил Саакашвилинин "өз жанын кыюуга укугу бар" деп билдирди. Оппозиция өкүлдөрү, дарыгерлер жана адвокаттар Саакашвилинин саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, бийликти аны түрмөдөн ооруканага которууга чакырып жатышат.

"Мыйзамга ылайык, адамдын өз жанын кыюуга укугу бар. Эгер адам өмүрдөн кечкиси келсе, анын эрки. Мамлекет буга жоопкерчилик ала албайт", - деди ал 28-октябрдын кечинде телеканалдардын бирине берген интервьюсунда.

Гарибашвили Саакашвилини түрмөдөн жеке ооруканага которуу сунушун коопсуздукка шылтоолоп четке какты. Ал өкмөт Грузиянын мурдагы президентин мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Украинага өткөрүп бербестигин кошумчалады. Кийин Украинанын жарандыгын алган Саакашвили Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган. Ал 2018-жылы сыртынан сегиз жылга эркинен ажыратылган.

53 жаштагы саясатчы 1-октябрда Грузияга келери менен кармалган. Бийлик ага "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагууда. Саакашвили ага тагылган дооматтардын бардыгын четке кагып, мунун саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG