Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

БШК Мамытовду "Ынтымак" партиясынын тизмесинен алып салуу боюнча өтүнүч келтирди


Борбордук шайлоо комиссиясы "Ынтымак" партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого бара жаткан экс-спикер Талант Мамытовду тизмеден алып салуу боюнча Жогорку сотко өтүнүч жиберди. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган. Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Жогорку сот арызды 2-ноябрда карап, БШКнын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деген негиз менен артка кайтарган. Боршайком арызды оңдоп кайрадан жибере турганын билдирген.

Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Мамытов “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган. 28-октябрдан баштап парламент спикеринин милдетин Аида Касымалиева аткарууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG