Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Бишкек мэриясы үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу жайларды даярдады


Бишкек шаарынын мэриясы баш калаада үй-жайы жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалап, сууктан коргоно турган жайлар даярдалганын кабарлады.

Октябрь районунун убактылуу баш калкалоочу жайы 12-кичирайондогу Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот.

Свердлов районунда Фере көчөсүндөгү 34А номурлуу үйдө 40 орундуу баш калка бар. Анын номурлары - 0312 360 335, 0706 168 877.

Биринчи май районунда Жибек-Жолу көчөсүнүн 413-үйүндө "Коломто" муниципалдык баш калка жайында 70 орун бар. Анда кир жуучу жай да каралган, номуру 0312 304 855.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын көчөдө суукта калган кароосуз адамды көрсө 102 же 103 номурларына чалууга чакырды.

Баш калкалоочу жайга кайрылгандар бир жолу ысык тамак менен камсыз болот. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу түрдө керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп турат.

Бишкекте туруктуу жашаган жайы жок адамдардын расмий саны такталган эмес. Алар кышкысын суукта кыйналгандыктан, муниципалдык баш калка жайларга барууга аргасыз. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG