Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Бишкекте тигүү цехиндеги өрт наристенин өмүрүн алды


Бишкектеги тигүү цехтердин биринде чыккан өрт. 4-ноябрь, 2021.
Бишкектеги тигүү цехтердин биринде чыккан өрт. 4-ноябрь, 2021.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыгып, төрт жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, өрт бүгүн, 4-ноябрда катталып, түшкү саат 1:30да чектөөгө алынды. Каза болгон кыздын аты-жөнү такталууда. Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метрди түзөт. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп. 2020-жылы 1515 өрт катталган.

Анын кесепетинен 25 адам (2020-жылы 14 адам) каза таап, 36 киши жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук мүлк сакталган.

1248 өрт турак жайларда чыккан. Бул жалпы өрттүн 63,5 % түзгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG