Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Токаев: Пенжим айылында улуттар аралык жаңжал болгон эмес


Президент Токаев, архивдик сүрөт
Президент Токаев, архивдик сүрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Пенжим айылындагы мектептеги балдардын мушташына комментарий берди. Президент 4-ноябрдагы жыйындардын биринде "ал мектеп окуучулардын кадыресе мушташы" болгонун айтып, "эч кандай улуттар аралык жаңжал болбогонун, бирок чагымчылдардын жана өлкөнү жаманатты кылууну көздөгөн адамдардын тобу окуяны дал ушундай өңүттө чагылдырышты" деп белгиледи.

27-октябрда Алматы облусундагы казактар менен уйгурлар жашаган Пенжим айылында мектеп окуучуларынын калайман мушташы болгон.

Окуяга кечке жуук чоңдор аралашып, айылдагы үйлөр, автоунаалардын терезелери талкаланган. Жергиликтүү бийлик 16 жаштагы өспүрүм жана 53 жаштагы киши ооруканага түшкөнүн маалымдаган.

Токаев чагымчыларга каршы чара көрүү керектигин, муну менен катар түрдүү улут өкүлдөрүнүн ортосундагы достук салттарын бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

3-ноябрда Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Асет Оспанов Пенжимдеги жаңжал "улуттук негизде" болгонун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG