Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Эл ташыган кичиавтобус жол кырсыгына кабылды


Бишкектин четинде эл ташыган кичи автобус менен Honda Odyssey үлгүсүндөгу жеңил машине кагышып, эки киши өлүп, ондон ашуун адам жараат алды. Авария 7-ноябрда Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде түш ченде болгонун Чүй облустук жол коопсуздугу башкы башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Толук маалымат тактоо иштеринен кийин берилет.

Ички иштер министрлигинин октябрга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

2020-жылы 754 адам көз жумган. 2019-жылы 760 кишинин өмүрү аварияда кыйылган.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG