Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Милиция үгүт ишине окуучуларды катыштырган окуяны текшерет


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бүтүн Кыргызстан" партиясы үгүт иштерине окуучуларды катыштырды деген маалыматты текшерип жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобу кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Алай районундагы жолугушусуунда улуттук кийимчен жаш кыздар саясатчы Адахан Мадумаровду боорсок менен тосуп алганы тартылган тасма тараган. Анда мектеп курагындагы жигиттер дагы партиянын моюн орогучун тагынып, байрагын көтөрүп турганын көрүүгө болот.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде үгүт иштерин окуу жайлардын имараттарында өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, үгүт иш-чараларына жашы жете электерди тартууга мыйзам жол бербейт.

"Ушундан улам орто мектептин жетекчилиги тарабынан ыктымал болгон "административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактысын" текшерүү зарыл экени БШКнын сайтындагы маалыматта белгиленген.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү шайлоочулар менен жолугушууга окуучуларды атайылап алып келүү болбогонун "Азаттыкка" билдирди. Алар студент экенин айтышкан.

5-ноябрга карата Шайлоо дайындалган күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мыйзам бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түштү. Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу. Мындан сырткары үгүттөө шарттарынын бузулушу, административдик ресурстун кыянаттык менен пайдаланылышы, атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу кайрылуу бар. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда даттануулар көбүрөөк.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG