Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Милиция кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды


Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт УКМКга таандык.
Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт УКМКга таандык.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын Н.Э.Д. аттуу орун басары, милициянын майору пара талап кылууга шек саналып кармалды.

Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, милиция кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, айрым жарандарга акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом талап кылган.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында шектүү Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган кызматкердин авто унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 АКШ доллары жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган.

Шектүү Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG