Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Акылбек Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Анда эки тараптуу көп багыттуу кызматташтыктын маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров Кыргызстан Кытай менен соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

"Биз товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатышыбыз зарыл. Министрлер кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр", - деди Акылбек Жапаров.

Ду Дэвэнь өз кезегинде ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулганын билдирип, эки өлкө ортосунда өз ара ишеним орнотулганын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кыргыз айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна экспорттоо, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, "Түндүк-Түштүк" унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана Кытай өкмөтү тараптан шаардын унаа жолдорун реконструкциялоо жана ирригацигацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшү маселелерин талкуулады.

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык-соода байланышы акыркы жылдарда улам төмөндөп отурган. Мисалы, 2018-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген инвестициялар эки эсе кыскарган. 2017-жылы 300 млн. доллардын тегерегинде каражат келсе, 2018-жылы бул сумма араң 100 млн. доллардан ашкан. 2018-жылы Кытай мамлекети Кыргызстанга грант катары 86 млн. доллар бермек болгон. Бирок бул акча кечигип, Кыргызстан үчүн эң оор 2020-жылы да келген эмес.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кытайдан Кыргызстанга кирген импорт 57,5 пайызга кыскарды. Жүк ташуучу унаалар 10 эсе азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG