Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Өкмөт кризистик борборлордун 2022-жылга каржылоосун үч эсе жогорулатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети кризистик борборлордун 2022-жылга каржылоосун үч эсе жогорулатты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 12-ноябрда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамдын долбооруна байланыштуу өтүп жаткан жыйында билдирди. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды коргоо маанилүү экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчысы жана Министрлер кабинети өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине өзгөчө маани берет. Зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө коргоого алат. Министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 20 млн. сомго чейин жогорулатуу жана дагы 5 млн. сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик заказ алкагында коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 млн. сом бөлүнгөн. Натыйжада, аталган борборлорду каржылоону үч эсеге жогорулатуу тууралуу кеп болууда", - деди Эдил Байсалов.

Байсаловдун айтымында, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган, өткөн жылы бул көрсөткүч 6060 барабар болгон.

Жыйында белгилүү болгондой, Ички иштер органдары үстүбүздөгү жылы 7316 убактылуу коргоо ордерлери берилген, бул өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу 1179 ордерге көп.

Ички иштер министрлиги быйыл үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйгөнүн билдирген. Соңку учурда аялдарга коомдук жайларда зомбулук көрсөткөн учурлар кездешүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG