Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесине жакын өткөрүү пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Салык кызматынын карамагына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын өткөрмө пунктарындагы салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
Кожошев "Жыйынды пост" системасы 10 айдан бери иш жүргүзүп, ички чектердеги товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин алуу процессин тездеткенин, кызыкдар мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну камсыздап, анын сапатын жогорулатты деп эсептейт. Анын белгилешинче, бул өткөрүү пунктундагы бир катар көйгөйлөрдү ачыкка чыгарган.
"Импорттоочулар республикага салык төлөөдөн качуу максатында төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен товарларды ташып кирүүнү улантууда. Иш жүзүндөгү факты менен дал келбеген коштомо кагаздары таризделүүдө (иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр эсеп-фактурадагы маалыматтар менен дал келбестиги ж.б.)". Айрым ишкерлер өлкөгө келген жыгачтын 1 метр кубун 1500 сомдон белгилеп жатат. Чындыгында анын рыноктук наркы 22 миң сомдон башталат. Күн карама майынын 1 литрин 4 сомдон тариздешсе, анын чекене баасы 155 сомдон башталат. Мындай аракеттерден улам бюджетке залакасы тийип, ак ниет ишкерлер жабыркоодо", - деди Кожошев.
Өкмөт башчынын орун басары Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү менен алектенген тобокелдик жараткан субъекттердин автоунааларына контролдук пломбаларды коюу боюнча пилоттук долбоорду ыкчам ишке киргизүү боюнча бардык чараларды кабыл алышы зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор Кыргызстандын аймагына ташылып келген товарлардын иш жүзүндөгү дарегин жана декларацияланган жүктүн иш жүзүндө шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.
Статистика боюнча Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар. Ушул шартта жаңыдан бекитилген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 млрд. сомго чейин толтурууга убада берүүдө.