Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Түрк кеңешинин аталышы Түрк мамлекеттер уюму болуп өзгөрдү


 Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн желектери.
Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн желектери.

12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммитинде Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле самиттин жыйынтыгында, өлкө башчылары "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" стратегиялык документке кол коюшканын кабарлады. Бул документте түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы 20 жылда коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө ж.б. тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча "жол картасы" болору айтылды.

Стамбулдагы саммитке президент Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.

Уюм 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG