Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

Тбилисиде Саакашвилинин жүздөгөн тарапташтары чогулду


Михаил Саакашвилинин тарапташтары
Михаил Саакашвилинин тарапташтары

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин жүздөгөн тарапташтары абактагы саясатчыны шаардагы ооруканага которууну талап кылып, Тбилисиге чогулду.

12-ноябрда Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы уюштурган демонстранттардын эки тобу баш калаанын эки башка метросуна топтолуп, бири Саламаттык сактоо министрлигин, экинчиси Юстиция министрлигин көздөй “Мишага эркиндик” деген жазууну көтөрүп, “Миша! Грузия!” деп кыйкырып баратышты.

Чогулгандар саламаттык сактоо жана юстиция министринин чыгып, элге жолугуусун талап кылды.

Бейшембиде Саакашвили Адам укуктары боюнча Европа сотунун жана Батыштагы өнөктөштөрүнүн сөзүн угуп, ачкачылыкты токтотууга макул болгон. Бирок аны көп тармактуу ооруканага которуу тууралуу шарт койгон.

Саламаттык сактоо министри Рати Брегадзе Саакашвили шаардагы ооруканага эмес, Руставидеги тергөө абагына жөнөтүлөрүн айтты.

Экс-президент 8-ноябрда которулган абактын ооруканасында күзөтчүлөрдөн кыйноо көргөнүнө даттанган. Саакашвили адвокаты аркылуу берген катында сакчылар аны "тилдеп, моюнга муштап, чачынан сүйрөшкөнүн" жазган.

29-сентябрда Саакашвили Украинадан Грузияга 2-октябрда өтчү жергиликтүү шайлоонун алдында учуп келген. Ал элди шайлоого барууга үндөп, анын эртеси Тбилисинин аянтына чогулууга чакырган. Бирок 1-октябрда мурда козголгон кылмыш иштеринин негизинде кармалган. Камакка алынары менен саясатчы ачкачылык жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG