Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Кара-Буурадагы убактылуу кармоочу жай талапка жооп бербейт


Кара-Буура району
Кара-Буура району

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайды текшерип, андагы начар шарттарды аныктады. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

"Камактагы №1 камерада беш адам отурган, алардын ар бирине 2,3 кв метрден гана туш келип жатканын, ал эми санитардык нормага ылайык, ар бир адам 3,25 кв метрге туш келет. Мындан сырткары камактагылар кир төшөнчүлөргө, керебеттердин жана жууркан-төшөктүн жоктугуна, ал эми кээ бирлери айлап-жылдап кийимчен полдо жатканы маалым болгон. Сейилдөөчү жай ремонтко муктаж, айрым жерлеринде полдор урап жатат", - деген тыянак чыгарган.

Мындай шарттар "Кылмыш жасоого шек саналып жана айыпталып кармалган адамдарды кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" 2007-жылдын 25-июнунда кабыл алынган мыйзамды бузууга жатарын аталган борбор эскертти.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун Таластагы өкүлү Нурлан Абдраимов жабык жайда адам укугу одоно бузулуп, адамдын кадыр-баркын басмырлоочу мамиле болуп жатканын маалымдаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Талас облустук прокуратурасына кат жиберилген. Бирок бир жыл ичинде убактылуу кармоочу жайдагы абал бир аз жакшырган.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG