Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Боршайком Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып пул салды


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке "Ынтымак" партиясынан талапкер Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Шыкмаматовдун үстүнөн Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев арызданган. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени билдирген.

БШК Таалай Усубалиевдин арызын карап, телеканал Шыкмаматовдун парламенттик шайлоого бара жатканын жана видеодо мөөнөтүнөн мурда үгүт иштеринин белгилери бар экенин эске алышы керек болчу деп белгилеген.

Боршайком мыйзам бузуу үчүн Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салып, Коомдук биринчи каналга оозеки эскертүү берген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан 312 талапкер катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG