Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 15-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2 , күндүз -1…+4;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5 , күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5 , күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
15-ноябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° суук, күндүз 12…14° болот.