Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Бишкекте 4,6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөрү эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте миңдеген абонентинин жарыгын өчүрөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт.

“Шаар боюнча абоненттердин дебитордук карызынын жалпы суммасы 12,1 миллион сомду түзүүдө”, - деп билдирди “Азаттык” радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Жусупова.

Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы бар 6 миң абоненттин электри өчүрүлөрү айтылган.

Кыргызстанда быйылкы кыш электр энергиясынын тартыштыгы шартында башталууда. Бишкекте үч фазалуу эсептегичтерге пломба коюлуп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG