17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 6…8 градус жылуу болот.