Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

ИИМ: Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир” жана “Йакын-Инкар” тобунун мүчөлөрү көп


“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда ушул тапта “Хизб ут-Тахрир”(Кыргызстанда тыюу салынган) диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү көп экенин кабарлады. Бул топтон бөлүнүп чыккан “Йакын-Инкар” диний агымынын өкүлдөрү да көбөйгөнү байкалган.

Министрлик мындай уюмдардын пайда болушун жана ага адамдардын азгырылышын билимсиздик, дин жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү атады.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган топтордун көбү демократиялык, көп партиялуу мамлекеттик түзүлүштү кулатып, ордуна "шариятка негизделген эскичил халифатты" түзүүнү көздөшөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) соңку эки айда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик тобунун бир нече активдүү мүчөсүн жана жетекчилерин кармады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG