Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Акылбек Жапаров Ереванда эки өлкөнүн өкмөт башчылары менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 18-ноябрда Ереванга жумушчу сапары менен барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаров ушул эле күнү Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканын билдирди. Анда тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү маселесин талкуулаган.

“Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз”, - деди Жапаров.

“Чет жердеги орусиялык мугалим” долбоору жана Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жалпы билим берүүчү тогуз мекеменин курулуш маселеси да каралды.

Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да кезигип, өлкөнүн экономикалык байланыштарын талкуулашты.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 18-19-ноябрда Ереван шаарында Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ЕАЭБге байкоочу өлкөлөрдүн катышуусунда өтөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG